Ташиев чек ара чырында жабыр тарткан аскерлер менен дарыгерлерди сыйлады

УКМК жетекчилиги чек ара чатагында жапа чеккен 20дан ашык адамга сыйлык берди. Алардын ичинен 15и — ак халатчандар.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы чыр-чатактын жүрүшүндө жапа чеккен аскер кызматкерлери менен аларга жардам көрсөткөн дарыгерлерди сыйлады.
1 / 3

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы чыр-чатактын жүрүшүндө жапа чеккен аскер кызматкерлери менен аларга жардам көрсөткөн дарыгерлерди сыйлады

2 / 3

УКМК жетекчилиги чек ара чатагында жапа чеккен 20дан ашык адамга сыйлык берди

3 / 3

Алардын ичинен 15и — ак халатчандар

Ведомствонун маалыматына ылайык, "КР Улуттук коопсуздук органдарына 100 жыл" юбилейлик медалы менен төмөнкүлөр сыйланды:
Акимжан Таштанов, №99718 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары;
Чынарбек Аманбаев, Генералдык штабдын Учуу коопсуздугу боюнча инспекциясынын башчысы;
Нурсултан Жунусов, №23565 аскер бөлүгүнүн авиациялык транспорт эскадрильясынын командири;
Жылдыз Деркенбаева, Саламаттык сактоо министрлигинин №1 анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы;
Токтобай Маанаев, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын башкы дарыгери.
"Кызматташтык үчүн" төш белгиси менен:
Эсенбек Бейшенов, №23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын улук борттехник-инструктору;
Мелисбек Абдылдаев, №23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын борттехник-инструктору;
Дастанбек Урамов, №23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын кораблинин командиринин жардамчысы;
Нуржигит Нургазиев, №23565 аскер бөлүгүнүн медициналык кызматынын башчысы;
Ырыскелди Талантбеков, №23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын радиооператор-инструктору;
Гүлбара Кабулова, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №1 анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн дарыгери;
Алмаз Тентимишев, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын көкүрөк хирургиясы бөлүмүнүн дарыгери;
Алмаз Кыдырбаев, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын тамыр хирургиясы бөлүмүнүн дарыгери;
Ислам Апсатаров, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын тамыр хирургиясы бөлүмүнүн дарыгери;
Сүйүн Ажибеков, Саламаттык сактоо министрлигинин хирургиялык гастроэнтерология жана эндокринология кафедрасынын доктору;
Алмаз Мамышов, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын ириңдүү хирургия бөлүмүнүн дарыгери;
Дөлөс Муратов, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №2 нейротравматология бөлүмүнүн врачы;
Марат Каныбеков, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын тез жардам бөлүмүнүн дарыгери;
Кудайберди Жаныкулов, Баткен облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы;
Таалайбек Сооров, Баткен облустук бириккен ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн хирургу;
Рустам Хусейнов, Баткен облустук бириккен ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы;
Сапарбай Сатыбалдиев, Баткен облустук бириккен ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу;
Бакытбек Бакиров, Баткен облустук бириккен ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу.
Скульптор Тамила Маматовага Казакстандын "Достук" ордени тапшырылат