Екатеринбургда Россия-кыргыз аймак аралык конференция өтүп жатат

Иш-чарага 400гө жакын адам катышары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Екатеринбургда Россия-кыргыз аймак аралык IX конференция өтүп жатат. Бул тууралуу Пенза облустук соода-өндүрүш палатасы билдирди.
Иш-чаранын максаты — эки өлкөнүн аймактарынын, ишкер чөйрөнүн жана уюмдардын практикалык кызматташуусун кеңейтүү.
Конференцияда тематикалык тегерек столдор уюштурулуп, туризм, санариптик трансформация жана кызматташуунун башка багыттары талкууланат.
Бүгүн ошондой эле пленардык жыйын өтөт. Андан соң Россия менен Кыргызстандын делегация башчылары сөз сүйлөйт.
Иш-чарага 400гө жакын адам катышары күтүлүүдө.
Кыргызстандын Экономика министрлиги кечээ күнү министр Данияр Амангелдиев Свердловск облусунун губернатору Евгений Куйвашев менен жолукканын билдирди.
"Аймак аралык соода-экономикалык байланыштарды колдоодо жана өнүктүрүүдө Свердловск облусу Кыргызстан үчүн өзгөчө орунда турат. Буга облустун өнөр жай-экономикалык, илимий-техникалык, транспорттук коммуникациялык потенциалы гана себеп эмес. Екатеринбург менен Свердловск облусунда ишкерлик менен алектенген жана иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары арбын", — деген Амангелдиев.
Кечээ күнү, мындан тышкары, конференциянын алкагында ректорлордун экинчи форуму жана ишкер аялдардын форуму өткөн.
Путин Россия-кыргыз конференциясынын катышуучуларына кайрылды