Радио

Ишенов: дедолларизация саясатына басым жасалышы керек

Кыргыз экономикалык университетинин финансы жана финансы технологиялары кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору Бейшенбек Ишенов долларды колдонуудан баш тартып, улуттук валютага басым жасалышы керектигин айтты.
Sputnik
Доллар менен саясат жүргүзүү экономиканы оор абалга жеткирди. Анткени 30 жылда АКШ валютасы менен алган карызды төлөө кыйынга турууда. Бул тууралуу Бейшенбек Ишенов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын ЕАЭБ ичинде улуттук валюта менен эсептешүүнү колдоп жатканы туура кадам.
"Биз долларды колдонуудан акырындык менен четтешибиз керек. Доллар менен саясат жүргүзүү экономиканы оор абалга жеткирди. Анткени 30 жылда АКШ валютасы менен алган карызды төлөө кыйынга турууда. Буга чейин Улуттук банк тарабынан да дедолларизация программасы кабыл алынып, сом менен иш жүгүртүүгө кадамдар жасалган. Бул башкы банктын жүргүзгөн саясаты туура болгонун танбашыбыз керек. Мисалы, Кытай учурда дүйнөдөгү экономикасы алдыңкы өлкөлөрдүн сап башына чыкты. Бул жаатта дипломатия тилине кирип, соода жүгүртүүнү юань аркылуу ишке ашыруу да жакшы жол. Ал эми өлкө башчы Садыр Жапаровдун ЕАЭБ өлкөлөрүндө улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүүнү колдоп жатканы туура кадам", — деди Ишенов.
Ошондой эле профессор өлкөнүн алтын запасына көңүл буруп, мамлекеттин экономикасын күчтөндүрүү үчүн туура чечимдерди кабыл алуу керектигин кошумчалады.