Чолпон-Атанын чок ортосунда эки унаа кагышып, үч адам жаракат алды. Видео

Кырсык “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайынын бурулушунда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарынын чок ортосундагы негизги трассада эки автоунаа кагышты. Маалыматты Ысык-Көл облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.
Окуя бүгүн, 9-июнда, саат 18:00 чамасында “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайынын бурулушунда болгон.
Билдирүүгө ылайык, Чүй облусунун Кең-Булун айылынын 38 жаштагы тургуну А. У. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаасы менен баратып рулду башкара албай калган. Мунун кесепетинен жол чыракта токтоп турган Volkswagen Vento машинасын сүзгөн. Анын айдоочусу Бишкек шаарынын тургуну О. К. эки жүргүнчүсү менен жаракат алып Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилген.
Учурда Ысык-Көл райондук милициясы тарабынан тергөө иштери жүрүүдө, унаалар айып короого киргизилген.
Чүйдө 21 жаштагы айдоочу сүзүп кеткен аял кырсык болгон жерде көз жумду