Акыйкатчы Кыргызстанда канча адам абакта жатканын айтты

100гө жакын адам адилетсиз соттолгонун айтып кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Азыркы учурда Кыргызстандагы абактарда 8 500дөн ашык жаран жатат. Бул туурасында акайкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.
Анын ичинен 100гө жакын адам адилетсиз соттолгонун айтып акыйкатчыга кайрылган.
"Биз кылмыш ишин териштирип, адилеттүү чечим чыктыбы же жокпу деп баа берүүгө укугубуз жок. Мындан улам кайрылууларды прокуратурага жиберебиз", — деди Абдрахматова.
Мындан сырткары, ал прокуратура, ИИМ кызматкерлерин жоопко тартуу боюнча маселе көйгөйлүү болуп жатканын белгиледи. Бул бир гана кыйноолорго байланыштуу эмес, жабырлануучунун арызын карабай, кылмыш ишин негизсиз кыскартуу сыяктуу фактылар арбын.
Абдрахматова акыйкатчы тарабынан берилген көңүл буруу актылары боюнча үч жылда 10 гана кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылганын айтты. Бирок адам укуктарынын бузулушу абдан көп экенин белгиледи.
Мадумаров: азыр башкы прокурор өзүнүн укугун өзү коргой албай калды