Эрулан Көкүлөв: "Ак-Кеме" мейманканасын атайылап банкрот кылып жатышкандай

Депутаттын айтымында, мейманкананын жылдык пайдасы жанындагы чакан кафенин ижара акысы менен барабар болуп калган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан "Ак-Кеме" мейманканасы банкрот болуп жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов билдирди.
Эл өкүлү ар жума сайын парламентте кредит алуу боюнча ратификацияларды талкуулап отурушканын белгилеп, ошол эле учурда башкалар колдо турган нерсени иштете албай жатканын сындады.
"Шаардын эң кымбат жериндеги килейген 16 кабаттуу мейманкананы атайын эле банкрот кылып жаткандай сезилип жатат мага. Мейманкананын 2021-жылда тапкан пайдасы 300 миң сом болуптур. Бир бөлмөсүн суткасына 1000-1700 сомдон беришерин айтышты. Анын жанындагы 20 чарчы метр кафенин ижара акысы эле 300 миң сом экен. Булар чоң территориясы, бассейни, үстүндө кафеси бар имаратты банкрот кылып жатышат. Эмнеге чакан кафе чоң мейманканадан көбүрөөк акча табат? Ал жерди кеңсе катары берип койсо деле киреше көп түшөт", — деди депутат.
Ошондой эле ал мейманкананын мурдагы жетекчисине эки жыл мурун кылмыш иши козголгонун, ал эмне менен аяктаганы белгисиз экенин айтты. Ал эми төрт кабатын бирөө болбогон акчага ижарага алып, бирок иштетпей бош турганын билдирди.
Чаңы асманга сапырылып… "Ысык-Көл" мейманканасын бузуп жаткан видео