Жүк ташуучу автоунаалардын каттамына чектөө киргизилди. Себеби

Транспорт министрлигинен кандай автоунаалардын ишине чектөө коюлбай тургандыгын да айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жай ичинде Кыргызстандын аймагында каттаган оор жүк ташуучу автоунаалардын салмагына саат 10:00дөн 20:00гө чейин чектөө киргизилди. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.
Министрлик мындай чечим автоунаалар каттаган жолдорду сактоо үчүн жасалып жаткандыгын айтышты.
Чектөө 2-июндан 1-сентябрга чейин киргизилет, тагыраагы, күн 28 градустан өйдө ысый турган болсо автоунаалардын 18 тоннадан жогорку салмак менен жүрүшүнө тыюу салынат.
Министрликтин буйругу жүргүнчүлөрдү, гуманитардык жардамдарды жана тез бузулуп кетүүчү кооптуу жүктөрдү ташыган автоунааларга тиешелүү эмес.
Маалыматта ири жана өтө оор жүктөрдү атайын уруксат менен алып бара жаткан курулуш, реконструкция, реабилитация жана жолдорду камсыздап туруучу автоунаалар да жүрө ала турганы айылган.
Ала-Арча улуттук паркына унаалар убактылуу киргизилбейт. Күнү жана себеби