Ысык-Көлгө олимпиадалык база куруу планы айтылды. Кандай артыкчылыгы болот

Эл өкүлү бул бизнес-долбоор 10 жыл мурун иштелип чыгып, бирок аткаминерлердин бут тосуусунан улам инвесторлор үч ирет артка кайтканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламентте Жети-Өгүз районунун Тамга айылына олимпиадалык база куруу боюнча демилгени эске салды.
Анын айтымында, базаны куруу үчүн 29 гектар жер керектелет, пайдаланууга берилгенден кийин бир эле учурда 1 500 адам спорттун 60тан ашык түрү менен машыкса болот.
"Адамдын денесин спорттук формага келтире турган климат дүйнөдө Ысык-Көл менен Италияда гана бар. Ушул маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасына киргенде "жери чечилсин, каржылоо башталсын" деп тапшырма берген. Бирок иш жүрбөй жатат. Олимпиадалык база курулуп калса үч жылда өзүн актамак. Азиядан, Европадан, дүйнөнүн чар тарабынан курама командалар келип машыгуу өткөрүп турушмак", — деди Атазов.
Эл өкүлү аталган маселени көзөмөлгө алышын талап кылып, президент менен министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнө тапшырма берди.
Депутат долбоорду Эл аралык олимпиада комитети колдоп, каржылоого даярдыгын айтты. Ошондой эле ишке киргенден кийин эт, сүт, картошка, алма сыяктуу азык-түлүктөрдү жергиликтүү тургундардан сатып алып, элдин киреше булагын көбөйтүп, жергиликтүүлөр иш менен камсыз болорун белгиледи.
Мындан сырткары, Атазов бул бизнес-долбоор 10 жыл мурун иштелип чыгып, бирок аткаминерлер бут тосуп, пара сурап туруп алгандыктан келген инвесторлор үч ирет артка кайтканын кошумчалады.
Пресс-борбор
КФС башчысы Бишкекте жаңы стадион качан куруларын айтты