БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. 9-июнда кыргызстандык жаш скульптор Тамила Маматовага Казакстандын 2-даражадагы "Достук" ордени тапшырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ага ылайык, сыйлык тапшыруу аземи Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада 9-июнь күнү саат 15:00дө болот.
Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев катыша турганы кошумчаланды.
Тамила Маматова — Кыргызстандагы жаш, таланттуу скульпторлордун бири. Буга чейин ал белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын бюстун, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин жасаган. Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын ээси.