Камбар-Ата-1 ГЭСи экинчи "Кумтөр" болот. Садыр Жапаров Токтогул эли менен жолукту

Президент Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси быйыл күзгө чейин бүтүп калса, эмдиги жылы бул жол да баштала турганын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районунун тургундары менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районунун тургундары менен жолукту

2 / 5

Жолугушууда Жапаров курулушу башталып жаткан Камбар-Ата-1 ГЭСи кыргыз элинин, мамлекеттин жана кийинки муундардын бакубатчылыгы үчүн иштей турган долбоор болорун белгиледи

3 / 5

Мамлекет башчы Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу сыяктуу пландары менен бөлүшкөн

4 / 5

Анын айтымында, учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат

5 / 5

Быйыл күзгө чейин бүтүп калса, эмдиги жылы бул жол да башталат.

Жолугушууда Жапаров курулушу башталып жаткан Камбар-Ата-1 ГЭСи кыргыз элинин, мамлекеттин жана кийинки муундардын бакубатчылыгы үчүн иштей турган долбоор болорун белгиледи.
"Эгемендикке ээ болгон 30 жылдан бери Камбар-Ата-2 ГЭСинен башка көзгө көрүнөрлүк ГЭС курулган жок. Акыркы 10 жылдан бери электр энергиясын колдонуучулардын саны эки эсе көбөйдү. Мурда электр кубатын экспорттоп келген болсок, Союз тарагандан бери акыркы 10-15 жылда электр кубатын импорттоп жатабыз. Өзүбүз суунун башында турсак дагы Энергетика министрлиги 140 миллиард сомго чейин карызга батып кетти. Бир жылдан бери Кумтөр кени мамлекеттин пайдасына иштей баштады. Ошонун акчасы менен биз ГЭСти баштап жатабыз. Буга чейин "Кумтөргө" окшогон чоң, кошумча киреше булагыбыз болгон эмес. Эми буюрса ГЭС курулуп, бүтүп калса, ал экинчи "Кумтөр" болот", — деди Жапаров.
Мамлекет башчы Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу сыяктуу пландары менен бөлүшкөн.
Анын айтымында, учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. Быйыл күзгө чейин бүтүп калса, эмдиги жылы бул жол да башталат.
"Эгерде үч мамлекет тынымсыз иштесе, бул жол дагы үч-төрт жылда бүтүп калат. Бул дагы ушул Камбар-Ата-1, "Кумтөр" бере турган кирешеден кем эмес, 200 миллион доллардан ашык киреше берет", — деген президент.
Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын турак жай курууга жер тилкелерин трансформациялоо, жолдорго асфальт төшөө, сугат жана таза суу менен камсыз кылуу, суу сактагыч баскан жерлерге компенсация төлөп берүү, бала бакча, мектептерди куруу сыяктуу суроолоруна жооп берген. Тиешелүү мамлекеттик органдарга район тургундары тарабынан көтөрүлгөн маселелерди чечүү тапшырмасы берилгени кошумчаланды.
Камбар-Ата-1 ГЭСи: курулушка даярданууга бюджеттен 1,5 млрд. сом бөлүнөт