БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары ӨКМдин сабалган жоокери боюнча ишти башкы прокурордун милдетин аткаруучу Абай Молдокматовдун көзөмөлдөшүн талап кылды.
"Ата-энелер балдарын мекенди коргоого жөнөтүп жатса ал жерде ур-токмокко алып, душманы жок эле бири-бирин кырып жатат. Бул эмне деген көрүнүш?! Эмне деген армия? Балдарыбызды мекенди коргоого тарбиялайбызбы же токмоктоп майып кылабызбы. Урматтуу төрага, башкы прокурордун милдетин аткаруучуга протколдук тапшырма бериңиз, өз көзөмөлүнө алсын", — деди эл өкүлү Эмил Токтошев.
Ал эми депутат Камила Талиева сабалган жоокердин ата-эне, туугандары чындык издеп чыркырап, барбаган жери калбаганын, тиешелүү органдар ишке таптакыр көңүл бурбай жатканын билдирди.
Эске салсак, буга чейин ӨКМдин катардагы жоокери сабалып, операция болгону, анын табарсыгы жарылып кеткени айтылган. Кийинчерээк аны ур-токмокко алды деген Ж. уулу Т. аттуу аскер кызматкери камакка алынган. Сабалган жоокер учурда ооруканада, абалы орточо оор экени айтылды.