ӨКМдин сабалган жоокери. Окуяга байланыштуу алты кызматкер иштен четтетилди

Ур-токмокко алынган жоокер учурда ооруканада, абалы орточо оор экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. ӨКМдин сабалган жоокеринин иши боюнча алты кызматкер жумуштан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов маалымат жыйын учурунда билдирди.
Эске салсак, буга чейин ӨКМдин катардагы жоокери сабалып, операция болгону, анын табарсыгы жарылып кеткени айтылган. Кийинчерээк аны ур-токмокко алды деген Ж. уулу Т. аттуу аскер кызматкери камакка алынган.
"Аталган окуя боюнча ӨКМдин алты кызматкери тергөө иштери аяктаганга чейин убактылуу иштен четтетилди. Арасында бөлүмдүн командири, батальон командири, топтун командири сыяктуу кызмат адамдары бар. Алардын милдети убактылуу башка адамдарга жүктөлдү", — деди Шамырканов.
Ал учурда аскердик уставдын негизинде тергөө уланып жатканын айтып, күнөөлүү адамдар аныкталган соң гана чара көрүлөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, сабалган жоокер учурда ооруканада, абалы орточо оор экени айтылды.
Бишкекте сабалган окуучулар. Мэрия жумушчу топ түздү