БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Москва менен сүйлөшүү үчүн Россия аскерлерин толугу менен чыгарып кетсин деген талабы акылга сыйбайт. Мындай пикирин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров түркиялык кесиптеши Мевлют Чавушоглу менен жолуккан соң журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Бул талап Украина маселеге олутуу мамиле кылбай жатканынан кабар берет. Украин делегациясы 29-мартта Түркияда сүйлөшүп жатканда таптакыр башка, азыркыга карама каршы келген нерселерди айткан", — деди Лавров.
Журналисттер андан "Путин менен Зеленский жакын арада бетме-бет жолугуп сүйлөшүшү мүмкүнбү?" деп сурашты.
Лавровдун айтымында, алгач Россия менен Украинанын делегациялары кайрадан сүйлөшүү иштерин баштоосу керек. Бул жаатта кийинки кадам Украина тарапта.
"Зеленский жөн гана эл көзүнө жолугуп коюшу мүмкүн. Кандай болгон күндө дагы алгач Россия менен Украинанын делегациялары кайрадан сүйлөшүү иштерин баштоосу керек", — деди ТИМ башчысы.
Эске салсак, Россия менен Украинанын делегациялары буга чейин Беларуста жана Түркияда жолугуп сүйлөшкөн. Келишимдин соңку вариантын Россия тарап Украинага апрель айынын ортосунда жөнөткөн. Ошондон бери Украинадан жооп боло элек.