Телефон шылуундары кандай ыкма менен алдайт? Милициянын эскертүүсү

Укук коргоо органдары күмөн санаткан билдирүүлөр же телефон чалуулар болсо дароо милицияга кайрылуу керектигин эскертет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы Кыргызстанда телефон жана интернет аркылуу алдамчылыктын кандай түрлөрү жасалып жатканын айтып берди.
Милиция анонимдүү адамдар телефон, мессенджерлер жана веб-сайттар аркылуу колдонулган ыкмаларды тизмектеген:
сизге белгисиз номерден чалып, туугандарыңыздын бири кыйынчылыкка кабылганын, аны бошотуу үчүн милицияга пара бериш керек экенин айтышат;
чоң утуш жөнүндө билдирүү жөнөтүп, аны алуу үчүн алдын ала акча төлөөнү талап кылышат;
товарды сатуудан, кызмат көрсөтүүдөн же жумуш табууга жардам берүүдөн мурун алдын ала төлөм сураган сайттарга ишенбеңиз. Банктын жеке эсебине кирүү үчүн сыр сөздү эч качан бербеңиз;
банк картасын бөгөттөө жөнүндө телефон чалуу – шылуундардын сүйүктүү схемасы. Алар акчаны жоготуп албаш үчүн жакынкы банкоматка барып, каражатты жаңы эсепке которууну суранышат.
Милиция алдамчылыктын дагы көптөгөн жолдору бар экенин, бирок бардык учурда адам бирдей эле жапа чегип, акчасынан кол жууп каларын айтышты.
Андыктан күмөн санаткан жагдайлар болгондо дароо милицияга кайрылган туура.
Адис интернет-шылуундуктун жаңы түрү тууралуу айтып берди