Лавров: ЖККУ Евроатлантикада тең салмактуулукту камсыздаган уюм болушу керек

ЖККУ — келишимдин негизинде Евразиянын бир нече мамлекети тарабынан түзүлгөн аскердик-саясий уюм. КМШнын жамааттык коопсуздук системасын түзүү зарылдыгынан улам түптөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) Евроатлантикалык аймакта тең салмактуулукту камсыз кылуучу факторго айланышы керек. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип РИА Новости жазды.
Анын айтымында, ЖККУ жашоодо пайда болгон муктаждыктарга жараша өнүгөт, бирок бул нерсе баарына эле жага бербейт, өзгөчө НАТО өлкөлөрүнө бир топ жагымсыз болушу мүмкүн.
"Евроатлантикалык аймакта үстөмдүк кылууга ниеттенген кандай гана мамлекет же уюм болбосун, НАТОнун саясаты буга жол бербейт. Ошол эле учурда НАТО келишим боюнча өзүнө тыюу салынган нерселерди 30 жылдан бери каалагандай ишке ашырып келе жатат", — деди Лавров.
Андыктан министр ЖККУ Евроатлантикалык мейкиндикте тең салмактуулукту камсыз кылуучу фактор катары иштеши керек деп эсептейт.
"ЖККУ НАТОго салыштырмалуу абдан жаш уюм. Бирок биздин талкууларыбыз жана региондогу коопсуздук боюнча демилгелерибиз дүйнө коомчулугуна жагып келет. Акырындык менен биздин уюм бир топ кадыр-баркка жетерине ишенем", — деди ТИМ башчысы.
ЖККУ — келишимдин негизинде Евразия мамлекеттери тарабынан түзүлгөн аскердик-саясий уюм. КМШнын жамааттык коопсуздук системасын түзүү зарылдыгынан улам уюшулган. Курамына Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.
Лавров аргасыздан Батыштын "ырын ырдагандарга" боору оорурун айтты