Пресс-борбор

Кыргызстанда канча үй-бүлө жер тилкесин мыйзамдаштырууну күтүп жатат?

Брифингде министрликтин өкүлүнөн канча адам кызыл китеп күтүп жатканын сурашты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 100 миңден ашык үй-бүлө жер тилкесинин мыйзамдаштырылышын күтүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Жер жана суу инспекциясынын жетекчиси Адилет Расулов Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде билдирди.
Айыл чарба министрлигинин Жер жана суу инспекциясынын жетекчиси Адилет Расулов
Өткөн жылдын соңунда президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 1-апрелине чейин Кыргызстанда 25 миң гектар жер трансформацияланарын билдирген. Анын айтымында, Чүй менен Ош облустарында он миңдеген үй айыл чарба багытындагы жерлерге курулуп калган. Жапаров тийиштүү мыйзам кабыл алынып, үйлөр менен жер тилкелерин мыйзамдаштыруу башталганын билдирген.
Министрликтин өкүлүнөн канча адам кызыл китеп күтүп жатканын сурашты.
"Жалпы жонунан 103 739 үй-бүлө күтүп жатат. Үйлөрдүн саны дагы — 103 739. Фундаменттер — 15 082. Мунун баары алдын ала эсептөөлөр боюнча алынган маалымат. Так санын комиссия тактайт", — деди Расулов.
Пресс-борбор
Кызыл китеп бериле элек. Министрлик жер тилкеси качан мыйзамдаштырыларын айтты