БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Мыйзамдаштырылган жерлерге кызыл китеп жазып берүү иштерин сентябрь-октябрь айларында аяктоо пландалууда, азырынча мамлекеттик актылар бериле элек. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинин Жер-суу ресурстары жана инспекция башкармалыгынын жетекчиси Адилет Расулов айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Садыр Жапаровдун кызыл китеп боюнча буйругу кандай аткарылып жатат" деп аталган брифингге катышты.
Былтыркы жылдын соңунда президент Садыр Жапаров 2002-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстанда 25 миң гектар жердин трансформация болорун айткан. Анын айтымына караганда, Чүй жана Ош облустарында айыл чарба багытындагы жерлерге он миңдеген үйлөр курулган. Жапаров үйлөр менен жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча тиешелүү мыйзам кабыл алынгандыгын айткан.
Расуловдун айтымында, 1-апрелде жер мунапысы деп аталган мыйзам кабыл алынган. Ал эми 31-майда жобо бекитилип, анда президенттин тапшырмасын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын функциялары менен механизмдери жазылган.
"Азырынча мамлекеттик актылар бериле элек, жер-жерлерде биздин министрлик менен жергиликтүү органдар бекитүү процедураларын баштады. Мыйзамга туура келбей калган тилкелер бар, алар санитардык жактан корголгон жерлер. Комиссия алгач карап чыгышы керек, ал эми негизинен процедура башталган", — деди министрликтин өкүлү.
Ага "бардык жашоочулар кызыл китеп алат деген божомол барбы?" деген суроо узатышты.
"Алдын ала божомолдор бар, алар жобого жазылган. Документтеги мөөнөт 3-5 айдын аралыгы деп каралган. Мамлекеттик актылар сентябрь-октябрда (берилет – ред.) десек болчудай", — деп жооп берди Расулов.
Ал процедура тыкыр карап чыгууну талап кыларын, биринчи иретте санитардык же экологиялык тыюу салуулар бар-жогун аныктоо керектигин белгиледи.