Кыргызстан — Сингапур беттешинин экинчи таймы башталды

Фанаттар кыргызстандык футболчуларды күйүп-жанып колдоп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан — Сингапур курама командаларынын биринчи таймы аяктап, экинчиси башталды.
1 / 5

Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан — Сингапур курама командаларынын биринчи таймы аяктап, экинчиси башталды

2 / 5

Азырынча эсеп 0:0. Оюн талаасында кыргызстандыктар артыкчылык кылып жаткан менен биринчи таймда эсепти ачууга мүмкүн болгон жок

3 / 5

Сол канаттан Гүлжигит Алыкулов менен Алимардон Шүкүровдун дуэти элди бир козгоп алды

4 / 5

Башка аракеттер арбын болгон менен сингапурдук атаандаштар алдыра элек

5 / 5

Анткен менен алар тараптан да кооптуу учурлар болуп, дарбазачы Эржан Токотаев менен коргоочу Александр Мищенко тосуп калган

Азырынча эсеп 0:0. Оюн талаасында кыргызстандыктар артыкчылык кылып жаткан менен биринчи таймда эсепти ачууга мүмкүн болгон жок. Сол канаттан Гүлжигит Алыкулов менен Алимардон Шүкүровдун дуэти элди бир козгоп алды.
Башка аракеттер арбын болгон менен сингапурдук атаандаштар алдыра элек. Анткен менен алар тараптан да кооптуу учурлар болуп, дарбазачы Эржан Токотаев менен коргоочу Александр Мищенко тосуп калган.
Фанаттар кыргызстандык футболчуларды күйүп-жанып колдоп жатат.
Азия кубогуна тандоо. Кыргызстандын футбол командасынын тизмеси жарыяланды