Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бишкектик рэпер россиялык кесиптеши менен РФти колдогон чыгарма жазды. Видео

Текстте Улуу Ата Мекендик согуш учурундагыдай азыр дагы ар улуттун өкүлдөрү душманга бирге каршы туруп жатканы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бишкектик рэпер Медер Кадыров сургуттук кесиптеши менен бирге Россиянын Украинадагы операциясын колдогон антифашисттик трек жазды.
Sputnik Ближнее Зарубежье Telegram каналы ырды жүктөп, анын жаралышы боюнча Кадыровдун пикирин укту.
"Биз Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө ыр чыгаргыбыз келген, бирок аягында Россиянын атайын операциясы тууралуу жаздык. Учурда дүйнө жүзү боюнча маалымат согушу болуп жатпайбы. Пропаганда көп, коомчулукка ак-караны айырмалаш оңой эмес. Ошол себептен биз кичине болсо дагы элдин түшүнүгүн туура багытка бурууга аракет кылдык", — деди рэпер.
Текстте Улуу Ата Мекендик согуш учурундагыдай азыр дагы ар улуттун өкүлдөрү душманга бирге каршы туруп жатканы айтылат.
Россияны колдогон акция. Бишкекте тартылган видео