Футбол боюнча Азия кубогу: Тажикстандын командасы мьянмалык каршылаштарын жеңди

Бүгүн саат 21:00дө Кыргызстан менен Сингапурдун улуттук курама командалары ат салышат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Тажикстандын футбол курама командасы мьянмалык каршылаштарын 4:0 эсеби менен утуп алды.
Бул Бишкекте өтүп жаткан Азия кубогу — 2023 квалификациялык этабынын биринчи оюну болду.
1 / 3

Тажикстандын футбол курама командасы мьянмалык каршылаштарын 4:0 эсеби менен утуп алды

2 / 3

Бул Бишкекте өтүп жаткан Азия кубогу — 2023 квалификациялык этабынын биринчи оюну болду

3 / 3

Оюндун 9 жана 58-мүнөтүндө тажикстандык Шервони Мабатшоев эки гол киргизүүгө жетишти. Ал эми Манучехр Жалилов (56-мүнөттө пенальтиден) менен Эхсони Панджшанбе (84-мүнөттө) бирден гол киргизишти

Оюндун 9 жана 58-мүнөтүндө тажикстандык Шервони Мабатшоев эки гол киргизүүгө жетишти. Ал эми Манучехр Жалилов (56-мүнөттө пенальтиден) менен Эхсони Панджшанбе (84-мүнөттө) бирден гол киргизишти.
Бүгүн саат 21:00дө Кыргызстан менен Сингапурдун улуттук курама командалары ат салышат. Дагы эки тур 11 жана 14-июнга белгиленген.
Азия кубогуна тандоо. Кыргызстандын футбол командасынын тизмеси жарыяланды