БУУ: Украинанын Россия эгин уурдады деген айыптоосу тастыкталган жок

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Россия Украинанын көзөмөлгө алган аймактарынан дан эгиндерин чыгарып кетип жатат деп жазып чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Украинанын Россия тараптан дан уурдалды деген айыптоосун тастыктаган фактылар БУУда жок. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррикке шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Биз Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кеңсеси менен байланыштык. Алар бул айыптоолорду тастыктаган жок", — деди Дюжаррик.
Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Россия Украинанын көзөмөлгө алган аймактарынан дан эгиндерин чыгарып кетип жатат деп жазып чыгышкан.
Баса, Россиянын президенти Владимир Путин Москва Украинадан азык-түлүк ташууга тоскоол болуп жатат деген айыптоолорду жалаа деп атап, эгин экспорттоо боюнча маселе жок экенин билдирген. Ошол эле учурда ал Киевди кемелердин коопсуз өтүшү үчүн портторду минадан тазалоого чакырган. Путин данды Румыния, Венгрия жана Польша аркылуу (Дунай дарыясы менен) экспорттоого болорун айткан. Мындан тышкары, эң арзан жол Беларусь аркылуу өтөрүн, бирок бул үчүн санкцияларды алып салуу зарыл экенин билдирген.
Бирок дүйшөмбү күнү кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларусь аркылуу эгин экспорттоодон жана коңшуларга жардам берүүдөн баш тартты.
АКШлык экономист санкциялардын Россия менен Батышка тийгизген зыянын салыштырды