Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат

Кыймылга саат 16:00дөн 23:00гө чейин чектөө киргизилмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Футболдук беттештен улам бүгүн Бишкекте борбордук көчөлөр жабыла турганын Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия кубогу үчүн тандоо турунун эки оюну өтмөкчү. Анын алкагында Кыргызстан менен Сингапурдун беттеши да камтылган.
Жабылчу көчөлөр:
Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
Фрунзе көчөсү — Исановдон Панфилов көчөсүнө чейин.
Кыймылга саат 16:00дөн 23:00гө чейин чектөө киргизилмекчи.
Милиция айдоочуларга жүрө турган көчөлөрдү алдын ала пландаштырып алууга чакырат.
Байге фонду 200 миң сомдон жогору. Бишкекте түнкү жарыш өтөт