Бейшембиге карата аба ырайы

9-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Ысык-Көл, Нарын жергесинин айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Башка облустардын дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Таласта +29...+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын аймагында +22...+27 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +34...+36, Ош шаарында +35...+37, ал эми Чолпон Атада +22...+24 градуска жетет.
Тоолорго кар түшөт. Кыргызстанда 12-июнга чейинки аба ырайы