Жөн отуруңуз! Депутат Айбек Осмонов Эдил Байсаловду зекиди. Видео

Эл өкүлү акыйкатчыдан Кытайда соттолгон мекендештер тууралуу сураган, ошол учурда аткаминер аралашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Кытайда Кыргызстандын миңге чукул жараны түрмөдө отурганын айтып, акыйкатчыдан алардын укуктарын коргоо тууралуу маалымат беришин сурады.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова учурда чет өлкөдө 1 600дөн ашуун адам абакта отурганын, анын ичинен 1 400гө чукулу Россияда экенин билдирди.
Ошол учурда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутатка бул маселе акыйкатчынын функционалдык ишмердүүлүгүнө кирбестигин, аны менен ТИМ алектенерин эскертти.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
"Анда, Эдил мырза, сизден сурайын. Россияда камалган миңден ашуун адамдын канчасын Кыргызстанга котордуңуз? Бирөөнү айтып бере аласызбы? Мына, билбейсиз. Ошон үчүн акыйкатчыдан сурап жатам. Сиз мага комментарий бербей жөн отуруңуз!" — деди зекиди Осмонов.
Андан соң Абдрахматова акыйкатчынын жарандардын укугун коргоо боюнча чет өлкөлүк органдарга жиберген каттары өтүнүч катары кабылданарын тактады. Ал эми Кытайда 12 кыргызстандык соттолгонун белгиледи.
Тил укпаш үчүн талтайбай туруш керек! Ташиев Түлөбаевге кеңеш берген видео