Депутат Айжигитов: анклавдардан аскердик оор техниканы чыгарыш керек

Эл өкүлү тиешелүү органдарды изилдеп чыгып чечкиндүү бир чара көрүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Эл аралык нормаларга таянып Кыргызстандагы анклавдарда кармалып турган аскердик оор техниканы чыгарыш керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов билдирди.
"Эл аралык тажрыйба боюнча, анклавдардын оор техника кармаганга укугу жок. Анклавга кирген ок атуучу куралдар биздин мамлекетте каттоого алынышы керек. Ушул боюнча тышкы иштер министри менен УКМКга протоколдук тапшырма берсек. Изилдеп чыгып, чечкиндүү бир чара көрүшү абзел", — деди Айжигитов.
Мындан сырткары, эл өкүлү Баткен районундагы Кык жайлоосунда беш-алты үйдөн турган Булак-Башы деген айылдагы жагдай тууралуу маселе көтөрдү. Депутаттын айтымында, тажик тарап ал жер конуш болбосун, эл көчүп келбесин деп атайын беш-алты жылда үйлөрдү өрттөп салууда. Айжигитов мындай жагдай тажиктердин Кык жайлоосуна ачыктан ачык эле көз артып жатканынын белгиси деп эсептейт.
Радио
Самаганов: кыргыз, тажик бийлиги бир өтө маанилүү маселеге көңүл бурбай жатат