АКШлык экономист санкциялардын Россия менен Батышка тийгизген зыянын салыштырды

Өткөн аптада Евробиримдиктин туруктуу өкүлдөрү чектөө чараларынын алтынчы пакетин кабыл алды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Батыштын санкцияларынын азабын Россия тартып жатканы талашсыз. Бирок Европанын өзүнө тийген зыян алда канча масштабдуу болуп бара жатат. Бул тууралуу Asia Times гезитиндеги макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Москва үчүн экономикалык чыгымдар олуттуу болгону менен Батыштын өзү үчүн дагы оңбогудай кесепет жаралууда. Тагыраагы, Евробиримдик АКШдан алда канча чоң чыгым тартат. Бирок санкциялардан улам келип чыккан көйгөй ушуну менен чектелбейт. Алар бүткүл дүйнөгө тарап, жакыр өлкөлөргө бир топ күч келтирет", — деди макаланын автору, экономист Стив Хэнке.
Адис белгилегендей, АКШ дагы "жазасыз" калбайт.
"Мунай жана газ акыркы 40 жылдагыдай ээн-эркин сатылбай калат. Жыйынтыгында ар бир киши кымбаттаган баа менен мурда төлөп жүргөнүнөн бир нече эсе көп акча сарптоого аргасыз болот. Азыр АКШ президенти Жо Байден инфляция үчүн Россияны айыптап жатат. Бирок мунун баары Байден менен Дональд Трамптын саясатынын улам келип чыккан нерселер экенин түшүнүү керек", — деп айтылат макалада.
Россиянын Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөткөн. Өткөн аптада Евробиримдиктин туруктуу өкүлдөрү санкциялардын алтынчы пакетин кабыл алды. Анын ичинде мунай эмбаргосу жана "Сбербанктын" SWIFT системасынан чыгарылышы каралган.
Россиянын президенти Владимир Путиндин айтымында, Россияны ооздуктоо жана алсыздандыруу саясаты миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатууга багытталган.
Япония өкмөтү быйылкы жайда электр энергиясын үнөмдөө чечимин кабыл алды