Япония өкмөтү быйылкы жайда электр энергиясын үнөмдөө чечимин кабыл алды

Өлкөдө мындай чектөөлөр соңку ирет 2015-жылдын жай мезгилинде киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Япония өкмөтү быйылкы жайда электр энергиясын үнөмдөө боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Япон бийлиги жергиликтүү ишканалар менен жарандардан электр энергиясын 1-июлдан тарта 30-сентябрдын соңуна чейин саат 17:00-20:00 аралыгында үнөмдөөгө жардам берүүсүн өтүнүүдө. Өлкөдө мындай чектөөлөр соңку ирет 2015-жылдын жай мезгилинде киргизилген.
"Биз жашоочуларды 28 градуска чейин гана иштей турган кондиционерлерди орнотуу жана керексиз жерлерде жарыкты өчүрүү аркылуу энергияны үнөмдөөгө көмөктөшүүсүн өтүнөбүз", — деди экономика, соода жана өндүрүш министри Коити Хагиуда.
Мындан тышкары, япон ЖМКлары бул кыш Фукусима-1 кырсыгынан кийин бардык атомдук станциялар жабылган 2012-жылдан берки эң катаал мезгил болорун жазып жатышат. Анткени быйыл жай айларында электр энергиясы боюнча көйгөйлөр борбор калаада гана күтүлүп жатса, кышта жалпы өлкөгө жайылат деген кооптонуу бар.
Буга жаратылыш газынын жана электр жарыгынын өлкөгө жетиши олку-солку болуп жатканы себеп.
Россия рубль менен эсептешүүдөн баш тарткан Нидерланддарга газ берүүнү токтотту