Россия эгинди куралга айландырдыбы? Еврокомиссиянын айыптоосуна ТИМ жооп берди

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Москва Батыштын санкцияларына жооп иретинде дан эгиндери менен жер семирткичтерди куралга айландырып жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Евробиримдик жетекчилигинин билдирүүлөрүнө жооп кайтарды.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 24-майда Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдун сессиясында Москва Батыштын санкцияларына жооп иретинде дан эгиндери менен жер семирткичтерди куралга айландырып жатканын айткан.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жообу:
Россия дүйнөлүк азык-түлүк рыногунун жоопкерчиликтүү өкүлү катары айыл чарба продукциясын, жер семирткичтерди, энергия булактарын жана башка маанилүү продукцияларды экспортко чыгаруу боюнча милдеттенмелерин мындан ары да абийирдүү аткарууга ниеттенет;
Россия кризис болуп жатканына тынчсызданат. Ошондой эле Азиянын, Африканын, Латын Америкасынын жана Жакынкы Чыгыштын өнүгүшү үчүн социалдык маанилүү товарларды кечиктирбей берүү маанилүү экенин жакшы түшүнөт;
Россияда быйыл буудай жакшы түшүм берери күтүлүүдө, бул 1-августтан тарта 25 миллион тонна дан экспорттоого мүмкүндүк берет;
2022-жылдын июнунан декабрына чейин 22 миллион тонна жер семирткич экспорттой алат (бул мезгилдеги дүйнөлүк керектөөнүн 20 пайызы);
атайын операция башталгандан кийин Россия муктаж болгон өлкөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантты;
Брюссель киргизген санкциялык режим жер семирткичтерди жана агроөнөр жай продукциясын өндүрүү жана ЕБге гана эмес, үчүнчү өлкөлөргө да экспорттоо мүмкүнчүлүгүн чектейт;
Европа биримдиги тарабынан Крым менен Севастополдун экономикалык блокадасы глобалдык азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизген кошумча фактор болуп саналат;
Евробиримдик айрым үчүнчү өлкөлөрдү Батыштын антироссиялык курсун колдоого көндүрүү үчүн глобалдык азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы кырдаалдын начарлашы үчүн Москванын "жоопкерчилиги" темасын ачык колдонууда.
Путин: Батыштын көп жылдан берки жаңылыштыгы жакырчылыкка кептеди