БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Россия өзүнүн экономикалык суверендүүлүгүн бекемдеп, аны менен катар эле ачыктыкка басым жасап, эл аралык кызматташууну кеңейтүүгө багыт алат. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путиндин Петербургда боло турган XXV эл аралык экономикалык форумдун катышуучуларына, конокторуна жасаган кайрылуусунда айтканын РИА Новости жазды.
Телеграмманын текстин Кремлдин сайты жарыялады.
"Россия үчүн 2020-жыл экокомикалык көз карандысыздыгын сактаган мезгилерден болуп эсептелет. Бул өзүбүздүн экономиканын инфраструктурасын жана технологиялык базанын өнүгүшүн, адистердин кесиптик деңгээлинин артышын, майнаптуу жана көз карандысыз финансы системасынын түптөлүшүн шарттайт. Россиялык экономика муну менен катар эле жеке демилгелерге таянып кеңейтилген эл аралык кызматташууга, ачыктыкка багыт алат", — деп айтылган анда.
Президент, мындан сырткары, Батыштын экономикалык саясаттагы көп жылдык жаңылыштыгы глобалдуу инфляцияга, логистикалык ырааттуулуктун бузулушуна, азык-түлүктүн тартыштыгына жана жакырчылыктын тереңдешине алып келгендигин белгилеген.
XXV эл аралык экономикалык форум 15-18-июнь күндөрү Санкт-Петербургда өтөт.
Россиянын Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан тарта Батыш Москвага санкцияларды үстөккө-босток сала баштады. Аталган чаралар бүгүнкү күндө алтынчы пакетке жетти. Европада россиялык энергоресустардан баш тартуу чакырыктары айтыла баштады. Бир топ ири компаниялар Россиянын рыоногунан кете тургандыгын жар салды.
Анткен менен санкция басымы Батыш өлкөлөрүнүн өздөрүнө эле баш оору боло баштады. Кымбаттоо жөнөкөй европалыктардын кыжырын келтирүүдө. Ири алдыда бензин, мунай заттары менен азык-түлүктүн баасы кескин көтөрүлдү. Апрелде Улуу Британияда жылдык инфляция 9 пайызга жетип, бул соңку 40 жылдагы рекорд болуп калды.