Өзбекстан туристтерден ПЦР-тест менен вакцинанын сертификатын талап кылууну жойду

Кыргызстан мындай эрежени 1-майдан тарта жойгон болсо, Казакстандыкы 8-июндан тарта күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Өзбекстан 10-июндан тарта өлкөгө кирүүдө ПЦР-тест жана эмдөө документтерин талап кылууну жокко чыгарат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Мындай чечимди Республикалык атайын комиссия кабыл алган. Ага ылайык, аба майдан, темир жол же чек ара аркылуу Өзбекстанга келген туристтер 10-июндан тарта ПЦР-тест менен вакцинанын сертификатын көрсөтүүгө милдеттүү болбойт.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын өкмөтү өлкөгө кирүүдө ПЦР-тест менен вакцинанын сертификатын талап кылуу эрежесин 2022-жылдын 1-майынан тарта жокко чыгарган. Ушундай эле чечимди Казакстан дагы кабыл алып, эреже 8-июндан тарта иштемей болду.
Эскертүү! Чет өлкөгө чыгарда ПЧР-тесттин зарылдыгын тактап алыңыз