Кыргызстанда беш айдын ичинде өрт кырсыгынан 16 киши көз жумду

Анткен менен өткөн жылдын беш айына салыштырмалуу өрт 39,7 пайызга азайган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. 2022-жылдын беш айында өлкөдө 823 өрт кырсыгы катталып, 16 адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, өткөн жылдын беш айына салыштырмалуу өрт 39,7 пайызга азайган.
ӨКМ өрт кырсыгынын негизги себептерин тизмектеди:
электр жабдууларын пайдалануудагы эрежелерди бузуудан (384 өрт);
отко этиятсыз мамиле кылуу (132 өрт);
мешти эксплуатациялоо эрежелерин бузуу (126 өрт);
балдардын от менен ойноосунан (28 өрт).
ӨКМ адамдарды оттон этият болууга, таштандыларды күйгүзүү процессин көзөмөлгө алууга, чылымдын калдыктарын ар кайсы жерге ыргытпоого чакырды.
Кыргызстанга акыркы үлгүдөгү 58 өрт өчүрүүчү автоунаа алып келинди. Видео