Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШлык ЖМК: НАТО Украина жаңжалына аралашса Россияны жеңип чыгары күмөн

Россиянын артиллериялык жана авиациядагы артыкчылыгы Чыгыш Европадагы аба мейкиндигин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Россия жооп кайтарат деген чочулоодон улам НАТО Украинадагы кырдаалга аскердик жактан кийлигише албайт. Бул тууралуу жергиликтүү American Thinker журналындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Автордун пикиринде, Түндүк атлантикалык альянстын аскерлери катышкан согуштук аракеттерге Россия тараптын реакциясы "жакшылык алып келбейт".
"Аскердик көз караш менен караганда, НАТОнун Украинага кириши мүмкүн эмес. Согуш бүткүл Европадагы альянстын инфраструктурасына катастрофалык зыян алып келет жана миңдеген аскерлер курман болот", — деди Хантер.
Ошондой эле Россиянын артиллериялык жана авиациядагы артыкчылыгы Чыгыш Европадагы аба мейкиндигин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берери айтылды.
"НАТОнун бригадалары жана дивизиялары алдыңкы линияга жеткен күндө да, алар Россия армиясы тарабынан жок кылынат. НАТО Европада Россия менен кагылыша турган болсо өзөктүк куралсыз жеңишке жетиши күмөн. Альянстын толук жеңилип калышы толук ыктымал", — деп жазылат макалада.
Март айынын башында Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинадагы окуяларга байланыштуу Германия, НАТО жана башка өлкөлөр аскерий кийлигишүүнү пландабаганын билдирген.
Россия 24-февралдан бери Украинада аскердик операциясын жүргүзүп жатат. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, март айынын аягында аскерлер биринчи этаптын негизги тапшырмаларын аткарып бүтүшкөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Франциялык адис: Украинадагы атайын операцияда Россия жеңишке жакындап калды