Мыйзамсыз археологиялык казууларды жүргүзгөн адамдар сот жообуна тартылат. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул көйгөйдү ооздуктоого системалуу аракеттер көрүлүшү керек.
"Тарыхый баалуулуктарды мыйзамсыз казып "кара базарга" саткандар көбөйүүдө. Өкүнүчтүүсү, алар кошуна мамлекеттерге чыгып кетип жатат. Бул биздин тарыхыбызга эбегейсиз жоготуу алып келет. Андыктан маселе курч турат десек болот. Бирок аны ооздуктоодо адистер жана мыйзам ченемдеринин жетишсиздиги байкалат. Биз бул кадамдар жолго коюлганча кол куушуруп отура бербей өз күчүбүз менен аракет көрүүдөбүз. Калктан да ушундай учурларга күбө болуп калганда түз эле биздин министрликке кайрылып коюуну өтүнөбүз", — деди Жолдошев.
Ал аталган көйгөй менен күрөшүүдө жергиликтүү бийлик Маданият министрлиги менен чогуу иш алып барышы керектигин кошумчалады.