БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев Кыргызстандын жарандары Германиянын медициналык жайларында иштей ала турганын билдирди.
Ал "Миграция жана өнүктүрүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" аттуу эл аралык форумга катышууда.
Базарбаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын май айынын орто ченинде EDUVISO программасы боюнча квалификациясы бар чет элдик адистерди Германияга ишке орноштуруу боюнча келишим түзүлгөн.
"Биздин жарандар EDUVISO программасы боюнча аккредитациядан өткөн Кыргызстандагы окуу жайлардан "медайым" адистиги боюнча билим ала алышат. Программага 35 жашка чейинки толук орто билими барлар жана "медайым иши" же "фельдшер" дипломуна ээ медайымдар менен медагалар катыша алат. Окуусун аяктаган программанын катышуучуларына Германиянын медициналык жана профилдик мекемелерине узак мөөнөткө ишке орношууга мүмкүнчүлүк берилет. Биз жалпы жонунан 250 адис жөнөтүүнү пландап жатабыз", — деди Базарбаев.
Бүгүнкү күндө EDUVISO программасы менен кызматташкан Кыргызстандагы окуу жайлардын тизмеси:
Бишкек шаарындагы Заманбап маалыматтык технологиялар институту (ИСИТО);
Ош шаарындагы Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-өзбек эл аралык университети;
Кара-Балта шаарындагы Пирогов атындагы медициналык колледж;
Нарын шаарындагы Нарын медициналык колледжи.