БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев 69 жашында каза болгонун мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Генерал-майор аскердик жолун 1971-жылы баштап, взводдун командиринен чек ара бөлүмүнүн төрагасына чейин командалык кызматтарды басып өткөн.
Некрологдо ал тажик-афган мамлекеттик чек арасында кызмат өтөгөн тынчтык орнотуу батальонунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгону айтылат.
1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында жеке эрдиги жана чебер жетекчилиги үчүн Замир Молдошев "Эрдик" медалы менен сыйланган.
"Генерал-майор Молдошев аскердик милдетин аткарууда курман болгон чек арачылардын элесин сактоого зор салым кошту. Анын демилгеси менен Бишкек шаарында "Чек ара даңкы" аллеясы түзүлүп, ар кайсы муундагы чек арачылардын башын бириктирген жайга айланган", — деп айтылат маалымат кызматтын билдирүүсүндө.
Чек ара кызматы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.