Казакстанга кирүүдө ПЦР-тест менен вакцинанын сертификаты талап кылынбайт

Кыргызстан мындай эрежени 2022-жылдын 1-майында жойгон болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Казакстан 8-июндан тарта өлкөгө кирүүдө ПЦР-тест жана эмдөө документтерин талап кылууну жокко чыгарат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Мындай эреже Казакстандын жарандарына жана чет элдиктерге тиешелүү.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын өкмөтү өлкөгө кирүүдө ПЦР-тест менен вакцинанын сертификатын талап кылуу эрежесин 2022-жылдын 1-майынан тарта жокко чыгарган.
Эскертүү! Чет өлкөгө чыгарда ПЧР-тесттин зарылдыгын тактап алыңыз