Көлдүн Григорьевка айылында 20 жылдыктар жалгыз бой энеге үй салууда. Сүрөт

Эки бөлмөлүү үйдүн курулушу күзүндө аяктап калат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылында мектепти 20 жыл мурда бүтүргөндөр жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү там салууда. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Ысык-Көл районунун имамы Максат ажы Сейталиевдин айтымында, эки бөлмөлүү үйдүн курулушу күзүндө аяктап калат.
"Демилгени мектепти 20 жыл мурда бүтүргөндөр көтөрүп, каражатты ысырапкорчулукка жол бербестен кайрымдуулукка жумшоо чечимин кабыл алышкан", — деди Сейталиев.
Буга чейин Нарын шаарынын орто мектептеринин бүтүрүүчүлөрү аталган калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак үй белек кылышкан.
Бишкекте ата-энеси жок алты бала прокуратуранын жардамы менен үйлүү болду