БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров миграция боюнча эл аралык форумда мигранттар жыл сайын өлкөгө эки миллиард доллардан ашык каражат которуп турарын билдирди.
"Изилдөөлөргө караганда, биздин мигранттар тапкан акчасынын 30га жакын пайызын кем-карчысына жумшап, 30 пайызын үйүнө жөнөтөт, дагы 30 пайызын өзү жашаган мамлекеттеги банктардын депозитинде сактайт. Биз бул каражатты тартсак болот. Учурда ар бир мамлекеттик банктын алдында Россияда гана эмес, башка мамлекеттерде дагы филиалын ачуу тапшырмасы турат", — деди Жапаров.
Мамлекет мигранттардын үй алуусуна шарт түзүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын көбөйтүп жатканы белгиленди. Мындан тышкары, "Кыргызиндустрия" компаниясы түзүлүп, ал өлкөнү индустриализациялоо менен алектенет.