Радио

Турсуналиева: Бишкекте "Антиконтрафакт 2022" эл аралык форуму өтөт

Кыргызпатенттин Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы Ырыскүл Турсуналиева интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча эл аралык форум быйыл онунчу ирет өтөрүн айтты.
Sputnik
Форум ушул жылдын 26-27-сентябрында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин илим, маданият, бизнес чөйрөсүнөн адистер катышат. Бул тууралуу Ырыскүл Турсуналиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, форум Кыргызстандын төрагалыгы алдында КРдин өкмөтү, Евразия экономикалык комиссиясы жана "Антиконтрафакт" эл аралык ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, интеллектуалдык менчикти коргоо жаатында көйгөйлөр талкууланып, артыкчылыктуу багыттар каралат.
"Бишкекте интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча эл аралык форум өтөт. Үстүбүздөгү жылдын 26-27-сентябрында өтчү иш-чарага ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин илим, маданият, бизнес чөйрөсүнөн серепчилер катышат. Форумду КРдин өкмөтү, Евразия экономикалык комиссиясы жана "Антиконтрафакт" эл аралык ассоциациясы уюштурууда. Анда Кыргызстан төрагалык кылып, ЕЭАБге мүчө-мамлекеттердеги көйгөйлөр, контрафакт менен күрөшүү темалары көтөрүлөт. Каалоочулар каттоодон өтүп, форумга катыша алат. Иш-чарада 9 секцияда түрдүү тематикадагы актуалдуу маселелер каралат", — деди Турсуналиева.
Ошондой эле адис "Антиконтрафакт" эл аралык форуму 2017-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөнүн кошумчалады.