Бишкекте жарандарды Москвага ишке орноштурган борбор ачуу пландалууда

"Көп функционалдуу миграциялык борбор" мигранттарга дактилоскопиядан жана Россиянын аймагына барганга чейин медициналык күбөлөндүрүү сыяктуу процедуралардан өтүүгө жардам берет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкекте кыргызстандыктарды Россиянын Москва шаарында жумушка орноштурган атайын миграциялык борбор ачуу пландалууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев "Миграция жана өнүктүрүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" аттуу эл аралык форумда билдиргенин мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Үстүбүздөгү жылдын март айында Москва шаарынын "Көп функционалдуу миграциялык борбору" менен келишим түзүлгөн. Анын негизги максаты — жарандарды Россиянын аймагында ишке орноштуруу", — деди Базарбаев.
Анын айтымында, "Көп функционалдуу миграциялык борбордун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгү мигранттарга дактилоскопиядан жана Россиянын аймагына барганга чейин медициналык күбөлөндүрүү сыяктуу процедуралардан ийгиликтүү өтүүгө жардам берет.
Борборду ачуу маселеси "Миграциялык борбор" мамлекеттик бюджеттик мекемесинин жетекчилигинин июнь-июль айларындагы Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында чечилет.
Миграция жана Кыргызстан: 3 млн. адам, сыртка агылган кыз-келиндер