БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардыктар жана аймактык жетекчиликтер арасында бир катар сынак жарыялады.
Негизги максат — шаар тургундарынын демилгелерин колдоо, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана аймактык деңгээлде шаарды өнүктүрүү. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин шыктандыруу болуп саналат.
"Эң жакшы короо"
Сынак эки номинация боюнча өткөрүлөт: 1991-жылга чейин пайдаланууга берилген үйлөр жана 1991-жылдан кийин пайдаланууга берилген үйлөр. Ар бир орун боюнча экиден жеңүүчү аныкталат.
1-орун – 100 миң сом;
2-орун – 80 миң сом;
3-орун – 50 миң сом.
"Эң жакшы квартал"
Бишкек шаарынын райондук комитеттери сынакка катышат.
1-орун – 130 миң сом;
2-орун – 100 миң сом;
3-орун – 70 миң сом.
Мындан тышкары, "Администрациялык район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын эң жакшы муниципалдык администрациясы", "Бишкек шаарынын мэриясынын эң жакшы муниципалдык аймактык башкармалыгы" номинациялары боюнча дагы сынак өтөт. Ар бир жеңүүчүгө 100 миң сомдон берилет.
Арыздар 20-октябрга чейин кабыл алынат.