Электр энергиясынын жетишсиздиги: Байден АКШга өзгөчө кырдаал жарыялады

Ак үй жарыялаган документте Байден АКШнын керектүү көлөмдөгү электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурган бир нече фактор бар экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден өлкөдө электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугунун жетишсиздигинен улам өзгөчө кырдаал жарыялаганын РИА Новости жазды.
Ак үй жарыялаган документте Байден АКШнын керектүү көлөмдөгү электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурган бир нече фактор бар экенин белгилеген.
"Мен, Джозеф Р. Байден, Америка Кошмо Штаттарынын президенти, Конституция тарабынан берилген ыйгарым укуктарды пайдалануу менен өлкөдө керектөөчүлөрдүн суроо-талабын канааттандыруу үчүн кубаттуулук жетишсиз болгондуктан өзгөчө кырдаал жарыялайм", — деп айтылат документте.
Буга чейин аталган көйгөйдү чечүү үчүн Камбоджа, Малайзия, Таиланд жана Вьетнамдан алып келинген күн батареялары жана модулдар үчүн эки жылдык мөөнөткө импорттук алымдар токтотулган.
Ошондой эле Байден күн панелдерин өндүрүүнү стимулдаштыруу үчүн "Коргоо өндүрүшү жөнүндө" мыйзамын чыгарган. Вашингтон бул аракет чет элдик өндүрүүчүлөрдөн жана душман мамлекеттерге көз карандылыкты азайтууга жардам берет деп үмүттөнүп жатат.
Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөткөн. Москва бул кадамдарды экономикалык согуш деп атап, мындай сценарийге даяр экенин билдирген.
Ал эми Батыш өлкөлөрү Россиянын энергия булактарынан толугу менен баш тартууга аракет кылып жатышат. Ошол эле маалда АКШ менен Европа өлкөлөрүндө чектөөлөр күйүүчү майдын жана азык-түлүктүн баасынын кескин өсүшүнө түрткү болду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Батыш Украинага берген жардамы үчүн дал өзүндөй жооп алат