Мылтык кармаган кыз, альбинос таш бака. Апта ирмеми

Лондондо Улуу Британия ханышасы Елизаветанын бийлигинин 70 жылдыгына карата парад өттү. Ал эми Швейцариядагы зоопаркта альбинос таш бака туулса, Шанхай коронавирус боюнча чектөөнү алды...
Sputnik
Sputnik окурмандарга өткөн жумада болгон кызыктуу окуялардын сүрөттөрүн сунуштайт.
1 / 17

Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Окуучулар "Ала-Тоо" аянтында майрамдап жүрүшөт.

2 / 17

Африкалык аял Харардагы (Зимбабве) базарга бара жатат

3 / 17

Улуу Британия ханышасы Елизаветанын бийлигинин 70 жылдыгына карата Лондондо өткөн парад

4 / 17

Бишкекте болчу футбол боюнча Азия кубогунун тандоо оюндарына даярданып жаткан Кыргызстандын спортчусу

5 / 17

Америкалык актриса Эмбер Херд. Анын мурдагы жолдошу, актер Жонни Депп менен соттук териштирүүсү бир жарым айга созулду. Доо арыз 2019-жылы эле берилген. Депп Херд менен The Washington Post басылмасына чыккан макаладан улам соттошууну чечкен. Анда актриса өзүн үй зомбулугунун курмандыгы деп атаган. Акыры сотто Депп утуп, Херд 10 миллион компенсация төлөмөр болду.

6 / 17

Швейцариядагы Сервьон зоопаркындагы ири таш баканын альбинос баласы

7 / 17

Нөшөрлөгөн жаан алдында калган кыз

8 / 17

Көркөм гимнастика чебери Лала Крамаренко (Россия) Дубайдагы сынакта

9 / 17

Мариуполдогу көрүнүш. Талкаланган имарат жана анын алдындагы адамдар.

10 / 17

Шанхайда коронавирустан улам киргизилген чектөөлөр алынды. Офицер полиция кызматкерин сүрөткө тартып жатат.

11 / 17

Гаванда суу каптаган көчөдө бара жаткан аял

12 / 17

Казакстандагы Сыр-Дарыянын жээгинде жуунуп жаткан киши

13 / 17

Аргентинанын футбол боюнча курама командасынын капитаны Лионель Месси кубок менен. Команда мелдеште Италияны 3:0 эсебинде уткан.

14 / 17

Балдарды коргоонун эл аралык күнүн Бишкек дал ушундай белгиледи. "Ала-Тоо" аянтында Кыргызстан, Россия, Казакстандын балдары катышкан фестиваль өттү.

15 / 17

Шанхай. Суу жээгинде сүрөткө түшүп жаткан адамдар.

16 / 17

Румыния армиясынын атайын даярдыктагы кызматкери Балдарды коргоо күнүндө парламент сарайындагы стендде турган мылтыкты кичине кызга берүүдө

17 / 17

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин окуу-машыгуу борборунун ачылыш аземине катышты

Тема боюнча:
Ар бири ар башка. Канн кинофестивалындагы жылдыздардын өзгөчө образдары
Саналуу күндөр калды. Кыргызстандык футболчулардын машыгуусунан 11 сүрөт
Фестиваль жана акысыз балмуздак. Бишкектеги балдар майрамынан 17 сүрөт