Жапаров Токаевди референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Тараптар эки элдин ортосундагы бир туугандыкты чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бүгүн, 6-июнда, президент Садыр Жапаров Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу байланышты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жапаров Токаевди Казакстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жалпы элдик референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктаганын анын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров кыргыз тарап бир катар эл аралык байкоочулар миссияларынын (ШКУ, КМШ ПАА, ЖККУ ПА) курамында референдумдун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө катышып, Казакстандын мындан аркы өнүгүүсүн аныктоодо тарыхый учурга күбө болгонун белгилеген.
Ал эми Токаев Жапаровго ыраазычылык билдирип, казак эли тагдыр чечүүчү чечим кабыл алганын белгилеп, конституциялык реформанын негизги максаттары жана милдеттери тууралуу кыскача айтып берген.
Өлкө лидерлери ошондой эле Токаевдин 2022-жылдын 26-майында Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Тараптар эки мамлекеттин жана элдин ортосундагы жакшы коңшулукту жана бир туугандыкты чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.
Казакстан: Конституцияны өзгөртүүгө шайлоочулардын 77,18%ы макул болду