Улуттук банк акчанын которулушун текшерүүнү күчөтөт

Токтом долбоорунда бир нече сунуш бар.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы акча которууларды текшерип, аларга көзөмөлдү күчөтүүнү пландоодо. Бул — Улуттук банктын башкармалыгынын токтом долбоору.
"Долбоор террордук ишти каржылоого каршы аракеттин алкагында коммерциялык банктар тарабынан акча которулганда кардарды тийиштүү экспертизадан өткөрүү тартибин сактоо үчүн иштелип чыккан", — деп жазылат маалыматта.
Негизги сунуштар:
банктар акча которгон адамга текшерүүнүн жөнөкөй же күчөтүлгөн чараларын колдоно алат;
эгерде которо турчу акча 70 миң сом же андан ашык болсо (же анын чет өлкөлүк валютадагы эквиваленти), кардарды анкета толтуртуп текшерүү керек;
эгер акча жөнөткөн же которгон адам террордук уюмдардын мүчөсү катары тизмеде болсо, банк акчаны которбой же салынган акчаны албай коё алат.
Россия чет өлкөгө акча которууга коюлган чектин көлөмүн 5 эсе жогорулатты