Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Святогорскиден украин аскерлери качып кетип, шаар бошотулууда

РФ Куралдуу күчтөрү өз ыктыяры менен куралын таштаган украиналык бардык аскер кызматкерлерине жана аймактык коргонуу бөлүктөрүнүн мүчөлөрүнө татыктуу мамиле жасоого жана үй-бүлөлөрүнө кайтып келүүгө кепилдик берет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Украин аскерлери техникаларын таштап, Святогорск шаарынан качып кетишкенин РИА Новости агенттиги Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенковго шилтеме берүү менен билдирди.
Святогорск (2003-жылга чейин Славяногорск) ДЭРдин түндүк бөлүгүндө, Харьков облусунун Изюм шаарынан түштүк-чыгышты карай 40 чакырымдан бир аз алыстыкта жайгашкан. Ал Россия аскерлеринин көзөмөлүндө.
“Россиянын Куралдуу күчтөрү Святогорск шаарын жана анын айланасын бошотууну аяктап жатат”, — деди Конашенков.
Анын айтымында, украин аскерлеринин шаардан чегинүүсүнө жол бербөө үчүн бүгүн тосмо отряддын милдетин аткарган улутчул топтор Северский Донец дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү жардырышты.
“Россия бөлүкчөлөрүнүн чабуулу астында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 95-десанттык-шабуу бригадасынын жана 81-өзүнчө аба-десанттык бригадасынын батальондорунун калдыктары көпүрөнүн жарылышына байланыштуу негизги күчтөр менен жабдуудан ажыратылды. Аскерлер курал-жарак менен аскер бөлүгүн таштап, жээкке тарап кетишти”, — деди генерал.
Тактап айтканда, 80дей украин жоокери дарыяны сүзүп өтүп кеткен, аларга ок атылган эмес.

"Украиналык аскер кызматкерлеринин улутчулдар жетектеген Киев режимин коргоодон баш тартуусун коркоктук эмес, жападан жалгыз туура иш деп эсептейбиз. Ошентип алардын баары өз өмүрлөрүн сактап калышты. Биз бардык аскер кызматкерлерин жана аймактык коргонуу бөлүктөрүнүн мүчөлөрүн чакырабыз. Украина өз өмүрүн сактап калуу үчүн мындан үлгү алып, ойлонбой каршылык көрсөтүүнү токтотсун”, — деди Конашенков.

Ал белгилегендей, РФ Куралдуу күчтөрү өз ыктыяры менен куралын таштаган украиналык бардык аскер кызматкерлерине жана аймактык коргонуу бөлүктөрүнүн мүчөлөрүнө татыктуу мамиле жасоого жана үй-бүлөлөрүнө кайтып келүүгө кепилдик берет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Батыштын атайын кызматтары көзүмдү тазалайт деп чочулоодо. Себеби