Шейшембиге карата аба ырайы

7-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас өрөөнүндө +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл аймагында +20...+25, Нарын жергесинде +21...+26 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +30...+32, Ош шаарында +30...+35, Чолпон-Атада +20...+22 градуска чейин көтөрүлөт.
Адамзат жаратылыштан "карыз" ала баштачу күн аныкталды