Лавров аргасыздан Батыштын "ырын ырдагандарга" боору оорурун айтты

Жекшембиде Болгария, Черногория жана Түндүк Македониянын лидерлери Россиянын тышкы иштер министринин учагын өзүнүн аба мейкиндигинен өткөрүүдөн баш тарткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сербияга байланыштуу кырдаалда Батыштын "ырын ырдаган" өлкөлөргө боору ооруп жатканын айтты. Ал бүгүн журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү.
"Черногория менен Түндүк Македония Россияны кармап туруу куралы катары өздөрүнүн ролун жакшы аткарышты. Мен бул өлкөлөргө боорум ооруйт, булар биз менен достук мамиледе болгон. Мурда мамилелерибиз жылуу, басып өткөн жолубуз бир эле. Бирок азыркы саясий реалдуулук, бул өлкөлөрдү абдан ыңгайсыз абалга калтырып, Батыштын "ырын ырдатты", — деди Лавров.
Жекшембиде Болгария, Черногория жана Түндүк Македониянын лидерлери Россиянын тышкы иштер министринин учагын өзүнүн аба мейкиндигинен өткөрүүдөн баш тарткан. Россиялык делегация Белградга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барышы керек эле. Кийин Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Россия батыштык өнөктөштөрүнө эрегишип "темир көшөгө" орнотпой турганын айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Батыш Украинага берген жардамы үчүн дал өзүндөй жооп алат