Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Батыш Украинага берген жардамы үчүн дал өзүндөй жооп алат

Саясий серепчилер Батыш өлкөлөрүнүн Украинага курал-жарак жагынан жардам бериши Киев кризисин ого бетер күчөтүп жатканын айтып келишет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Батыш Киев режимине канчалык узак аралыкка учуучу рекеталык системаларды көп берсе, Россия дал ошондой жооп кайтарат. Бул тууралуу РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат жыйын учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.
"Батыш Киев режимине канчалык узак аралыкка учуучу ракеталарды берсе, биз нацисттерди Украина менен Россиянын орус калкына коркунуч туудурган сызыгынан ошончолук алыстатабыз", — деди Лавров.
Буга чейин ТИМ башчысы АКШ Украинага курал-жарак ташып, ал жакта Борбордук чалгын башкармалыгынын жүздөгөн кызматкери иштеп турганын айткан.
Ал эми саясий серепчилер Батыш өлкөлөрүнүн Украинага курал-жарак жагынан жардам бериши Киев кризисин ого бетер күчөтүп жатканын айтып келишет.
Лавров: Сербияга сапарым Батышка коркунуч туудурса, демек абалы оор экен