Үч өлкө Лавровдун учагына жолду жаап салды. Россия ТИМинин билдирүүсү

Россиялык делегация сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Белградга барышы керек эле.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Сербияга коңшу өлкөлөр Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун учагы үчүн аба мейкиндигин жаап салды. Бул тууралуу Россия ТИМинин атайын өкүлү Мария Захаровага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Жекшембиде Болгария, Черногория жана Түндүк Македониянын лидерлери Россиянын тышкы иштер министринин учагын өзүнүн аба мейкиндигинен өткөрүүдөн баш тартканы айтылган. Ошол эле сааттарда Черногория бийлигинин тиешелүү документи жарыяланган. Көп өтпөй маалыматты РФтин аталган өлкөдөгү элчиси Владислав Масленников тастыктаган.
"Сербиянын айланасындагы өлкөлөр байланыш каналын бууп, Сергей Лавровдун Сербияга багыт алган учагынын абага көтөрүлүшүнө бөгөт коюшту. Россиялык делегация сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Белградга барышы керек эле. Евробиримдик жана НАТОго мүчө-өлкөлөр аба мейкиндигин жаап алышты", — деди Захарова.
Ошол эле учурда ТИМ өкүлү алардан айырмаланып Россия "темир көшөгө" орнотпой турганын айтты.
"Силердин катачылыгыңар — өтө эле өзүмчүлсүңөр. Өзүңөрдү дүйнөнүн борбору катары элестетип, башка улуттарды көзгө илбейсиңер. Эми кимдир бирөөгө акыл үйрөтүүгө моралдык укугуңар жок", — деди Захарова.
Ал эми Сербиянын премьер-министри Ана Брнабич президент Александр Вучич Лавровдун 6-7-июнга белгиленген сапарын уюштуруу менен жеке өзү алектенүүгө аргасыз болуп жатканын билдирди.
Эске салсак, дүйшөмбү күнү саат 10:00дө (Бишкек убактысы боюнча 14:00) Россиянын Сербиядагы элчиси Александр Бокан-Харченко менен президент Вучичтин жолугушуусу болот. Кечке маал Сербиянын башчысы Лавровдун сапарына байланыштуу кырдаал боюнча кайрылуу жасайт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Украинанын Россия менен сүйлөшүүсүн улантууга Батыш тыюу салган